App-Suche

Кыргызча түшүндүрмө сөздүк

kg.easylearn.dict
Books & Reference Kostenlos Enthält Werbung Everyone In Google Play öffnen
100+
Installationen · ≈115
—
0 Bewertungen
2026-08-18
erste Veröffentlichung
2026-10-13
letzte Aktualisierung

Beschreibung

Kyrgyz dictionary: 41,000 words, meanings, examples. Without Internet

Кыргызча түшүндүрмө сөздүк — кыргыз тилиндеги сөздөрдүн маанисин жана толук түшүндүрмөсүн интернетсиз табууга мүмкүнчүлүк берген колдонмо. Сөздүктө 41 000ден ашык сөз, сөз айкашы, фразеологизм жана туруктуу тизмек камтылган. Ар бир сөзгө так аныктама берилип, көпчүлүгү көркөм адабияттан, элдик оозеки чыгармалардан, «Манас» эпосунан жана мезгилдүү басма сөздөн алынган мисалдар менен бекемделген. ★ НЕГИЗГИ МҮМКҮНЧҮЛҮКТӨР • Интернетсиз иштейт — бүт база колдонмонун ичинде, трафик талап кылынбайт • Ыкчам издөө: сөздүн башын жазсаңыз эле керектүү макала табылат • Ң, Ө, Ү тамгалары үчүн атайын баскычтар — орусча клавиатура менен да издей аласыз • Тандалмалар: керектүү сөздөрдү сактап, каалаган убакта кайра ачасыз • Тарых: акыркы караган сөздөрүңүз колдун алдында • Сөздү же түшүндүрмөнү көчүрүү жана досторуңуз менен бөлүшүү • Караңгы жана жарык тема • Жөнөкөй, түшүнүктүү интерфейс ★ СӨЗДҮКТӨ ЭМНЕ БАР • Сөздөрдүн бардык маанилери өз-өзүнчө номерленип берилген • Кош сөздөр, кошмок сөздөр, татаал этиштер жана туруктуу сөз айкаштары • Фразеологизмдер, учкул сөздөр, макал-лакаптар • Диалектилик, эскирген жана өтмө мааниде айтылган сөздөр белгилери менен • Кеңири колдонулган терминдер жана өздөштүрүлгөн сөздөр ★ КИМГЕ ПАЙДАЛУУ • Мектеп окуучулары жана студенттер — дил баян, реферат, дайындама үчүн • Мугалимдер, филологдор, тилчилер • Акын-жазуучулар, журналисттер, редакторлор, котормочулар • Кыргыз тилин үйрөнүп жаткандар • Сөз байлыгын арттыргысы келген ар бир адам ★ БАЗАНЫН БУЛАГЫ Колдонмонун базасы «Кыргыз тилинин түшүндүрмө сөздүгү» (эки бөлүк, академик А. Акматалиевдин жалпы редакциясы астында, Бишкек, 2019) басылмасынын негизинде даярдалган. Колдонмо жакса, баа берип, пикириңизди калтырыңыз — бул биз үчүн абдан маанилүү.

Neuigkeiten

Каталар оңдолду

Details

Version1.1
Mindestversion Android7.0
Rezensionen0
Website des Entwicklersweb.app
Verfügbar inweltweit (242)
Entwicklerkontakteim Business-Tarif
Erfasst2026-10-28

Diese Daten in der API

Der vollständige Eintrag als JSON kostet 1 Credit.

curl -H "X-API-Key: YOUR_KEY" \
  "https://apkapi.com/api/v1/app?id=kg.easylearn.dict"